Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы мектеп пайда болот.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объект Кара-Жыгач айылында курулат. Долбоордун сметалык баасы 72 миллион сомду түзөт.
Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Учурда аткаруучу компанияны аныктоо боюнча сынак жүрүүдө.