Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүгө 5,5 миң медицина кызматкери тартылды.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, дарыгерлер бир нече категорияларга бөлүндү: стационар жана обсервацияларда иштегендер, мобилдик бригадалар, үй карантининдегилерди карап жаткан медкызматкерлер жана Кыргызстанга киргендерди текшерүү үчүн чек арада иштегендер.
Белгилеп кетсек, коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин айлыгына кошумча акча берилүүдө.