Жалал-Абад шаарында арзан ун сатылууда

Жалал-Абад шаарында арзан ун сатылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун арзан баадагы ундары шаардын Бекмамат Осмонов көчөсү, 111 дарегинде жайгашкан “Дан-Юг” ишканасында сатылып жатат.

 

Белгиленгендей, 1-сорттогу ундун 50 килограммы 1250 сом, 2-сорттогу ундун 50 килограммы 900 сомдон бааланууда.