Эртеңден тарта Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган шаарга самолет жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү 30-мартка чейин каттайт.