Каракол – Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымына түшкөн кар көчкүнүн дээрлик жарымы тазаланып жол бир тараптуу ачылды

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымына түшкөн кар көчкүнүн дээрлик жарымы тазаланып жол бир тараптуу ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган тилкедеги 210 миң кубометр кар массасынын 92 миң кубометри тазаланды.

Иштер уланууда. Жеринде оор техникалар жана кызматкерлер иштеп жатат. Күтүлгөндөй, жол ушул жуманын аягында кыймылга ачылат.

Эске салсак, аталган жолго 22-апрелде ири көлөмдө кар көчкү түшкөн.