Жалал-Абад шаарындагы 110-маршруттук каттамдын схемасына өзгөртүү киргизилди.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу
агенттигинин башчысы Айгерим Абдыкаарова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аталган каттамдын кичи автобустары шаардын
борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдө башаламан токтоп келген.
«Эми алар Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан
«Стройпарк» гипермаркетинин алдына токтошот. Анын жанында Калкты
тейлөө борбору жайгашып, документ ишин бүткөрүүгө жана курулуш
каражаттарын алууга барчу адамдар үчүн ыңгайлуу шарт жаралды», — дейт ал.