Бишкекте үйлөрдүн фасаддарын оңдоо уланууда

Бишкекте үйлөрдүн фасаддарын оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси, демөөрчүлөрдүн жана тургундардын колдоосу менен Чүй проспектиси, 26 дарегинде жайгашкан үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.

Фасадды калыбына келтирүү, атайын топурак аралашмалары менен иштетип, дубалдарды эки катмар кылып сырдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле демилгенин алкагында Чүй проспектисиндеги № 48, 105, 44, 117, Абдрахманов көчөсүндөгү № 105/1, 105/2, 105/3, 141, жана Москва көчөсүндөгү №86 үйлөрдүн фасаддары да жаңыланды.