Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Палестина футболчуларын   1:0 эсебинде утту

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Палестина футболчуларын   1:0 эсебинде утту. Командалар «Үч улуттун кубогу» достук мелдешинин алкагында таймашты.

 

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, стадион спорт сүйүүчүлөрүнө жык толгон. Оюн аяктаган соң күйөрмандар бир топко чейин кол чаап, спортчулар аларга ыраазычылык билдирди.

 

Эми биздин курама 7-сентябрда Бангладештин футболчулары менен беттешет.