Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду. Сербияда өтүп жаткан биринчиликте кыргызстандык балбан венгриялык атаандашын биринчи бөлүктө эле далысын жерге тийгизип утуп алды.

 

Бир мүнөткө созулган беттеш 8:0 эсеби менен аяктады. Белгилеп кетсек, Акжол Махмудов килемге 77 килограмм салмак категориясында чыгып, Бразилия, Мексика, Түркия жана Корея балбандарын жеңип чыккан.