Жалал-Абадда дыйкандарга жеңилдетилген насыя кезексиз берилет. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, мэр, банктын өкүлдөрү жыйын өткөрүп, өкмөттүн 6 пайыздык насыясы тууралуу кеңири маалымат берилип, дыйкан-фермерлердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Белгилеп кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу дыйкандарга кезексиз, ал эми мал чарбачылыгы үчүн кезек менен жеңилдетилген 6 пайыздык насыя берилет.