Бишкектин №6 мектебинине жаңы корпус курулат

Бишкектин №6 мектебинине жаңы корпус курулат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

 

Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендерге ылайык, жаңы корпус 3 кабаттан туруп, анда окуу класстарынан тышкары, спорт жана акты залдары болот.

 

Бул максатта бюджеттен 78 миллион 510 миң сом бөлүнөт. Жалпысынан быйыл республикалык бюджеттин эсебинен ордо калаада 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат.