Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча машыгууга спорт зал курулат.
Иштерди жүргүзүү үчүн аянт бөлүнүп берилди. Курулуш иштери жакынкы
аралыкта башталат. Президенттин басма сөз кызматынан белгилешкендей,
быйыл Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү жогорку
деңгээлдеги ийгиликтерге жетти. Алар ар кандай эл аралык
мелдештерде байгелүү орундарга ээ болду.