Караколдо 100 миллион сомго спорт комплекс куруу пландалууда.
Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти аталган шаардагы курулуш үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалгандай, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 12-декабрда аяктайт.
Техникалык негиздемеге ылайык, комплекс көп функциялуу болуп, эки блоктон турат.