Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институнун маалыматына ылайык, силкинүү бүгүн, 1-июлда саат 09:21де болуп, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

 

Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу,Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.