Жалал-Абадда күндүзгү стационарлар ачылууда

Жалал-Абадда күндүзгү стационарлар ачылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, чечимди облустук штаб кабыл алды.

 

Оору жуктургандардын саны өскөндүктөн, Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларында жугуштуу илдеттер бөлүмдөрү дагы ачылды. Калк арасында санитардык талаптарды сактоо, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.