Жалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталды

Жалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталды. “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдиргендей, бул үчүн 159 миң доза вакцина алып келинди.

 

Маалыматка ылайык, аймакта жашагандардын 98%ын эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Ал эми буга чейин адамдардын 20%ы кызамык менен кызылчага каршы эмделген.

 

Кыргызстанда 7-мартка карата кызамык жуктургандардын саны 4 миң 855 адамга жетти. Илдет Бишкекте, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында көп катталууда.