Жалал-Абад облусунда республикалык масштабдагы “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аталышындагы фестиваль өткөрүлдү.
Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага облус аймагынан келген 200дөн ашуун майыптыгы бар жарандар катышып, ыр-бий, спорттун жети түрү боюнча күч сынашты.
Республикалык фестиваль “ДМЧ- ЛОВЗ” коомдук фонду тарабынан демилгеленип, облустук бийлик тарабынан уюштурулган.
Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды.
Саамалык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол эмгектери коюлган жарманке менен коштолду.