«Кыргызкөмүрдүн» директору энергетика министринин орун басары болду

Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилеп кетсек, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Кыргызкөмүр» ишканасынын директору кызматын аркалап келген.