ИИМ: соцтармакта чагымчыл маалымат жарыялагандар жоопкерчиликке тартылат

Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланууда.

Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу.

Күч түзүмдөрү тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат, — деп айтылат маалыматта.