БШК Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы өзү жазган арыздын негизинде депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Анын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон.

 

Айбек Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп келген.