Нарын облусунун Жумгал районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,
27-июлда жааган катуу жамгырдын кесепетинен Май-Кокту, Кашка-Терек
тилкелериндеги коктулардан ташкындаган суу Күчүк-Арык каналына батпай ашкан.
Натыйжада Сапарбеков көчөсүндө жайгашкан 31 турак жайдын короосуна, 6 үйдүн
жер төлөөсүнө жана эки социалдык объектиге суу толуп калды. Жерине куткаруучулар жана
атайын техникалар тартылып, ички чарбалык унаа жолдор, үйдүн короолору жана көпүрөлөрдүн
алды кум-шагылдан тазаланды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да уланууда.