Ош облусунун Кара-Суу районунда сел каптоонун кесепетин тактоо иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баш-Булак жана Кыргызчек айылдарында
ыкчам топ, ошондой эле куткаруучулар иштеп жатат. Тактоо жана тазалоо иштери жүрүүдө.
Эске салсак, 8-майда аталган аймакта сел жүрүп, болжол менен 20 турак жайдын,
1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 үйдүн ичи сууга толуп калган.