Талас облусунда катталган катуу шамал 1 миллион сомдон ашык зыянга учуратты.
Бул тууралуу Жарандык коргонуу комиссиясынын эсебине таянып өзгөчө кырдаалдар
министрлигинен билдиришти. Эске салсак, 17-ноябрда ылдамдыгы секундасына
20-25 метрге жеткен бороон болуп, андан Манас жана Кара-Буура районундагы
мектептин, мечиттин, унаа өткөрмө бекетинин, ФАПтын жана бир катар
мекемелердин чатырлары талкаланды. Чыгымды тактоо иштери уланууда.