Жалал-Абаддын Кан борборунда генератор жок. Турмуш басылмасынын маалыматына ылайык, кыштын алдында энергетиктер электр энергиясы өчүрүлөт деп эскертип жатат.
Учурга карата Кан борборунда 2 тонна кандын запасы бар – аны 40 градус суукта сактоо керек. Эгер электр энергиясы өчсө, 3 сааттын ичине эле болгон кан жараксыз абалга келет.
Ал эми керектүү жабдууларды сатып алууга 2 миллион сом талап кылынат. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинде мындай акча жок, — деп билдирди башкы дарыгер Урмат Боржиев. Белгилеп кетсек, Жалал-Абаддын кан борбору башка облустарды дагы кан менен камсыздап турат.