Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо эртең жыйынтыкталат

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо эртең жыйынтыкталат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан эскертишкендей, мектеп бүтүрүүчүлөрү  эртең, 6-апрелге чейин ЖРТга каттала алат. Андан кийин олуттуу себептер менен каттоого жетишпей калгандар үчүн кошумча катталуу жүргүзүлөт.

 

Абитуриенттер www.testing.kg сайтынан онлайн түрүндө же салттуу форматта катталса болот. Белгилеп кетүүчү нерсе – жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу милдеттүү.