Жалал-Абаддын мектептери 3-майдан тарта онлайн форматка өтөт

Жалал-Абаддын мектептери 3-майдан тарта онлайн форматка өтөт. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мындай чечимди коронавирус абалына байланыштуу ыкчам штаб кабыл алды.

 

9-11-класстардын окуучулары жана жеке мектептер салттуу форматта окуусун улантат. Бирок аларды адистер улам текшерип турат.