Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү жана акыркы этабы 23-24-июнда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү жана акыркы этабы 23-24-июнда өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору эскертет.

 

Кеч тест Бишкек жана Ош шаарларында гана, негизги тестирлөөгө жүйөлүү себептер менен жетишпей калгандар үчүн уюштурулат.

 

Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы абитуриенттерге ушул айдын аягында тапшырылат.