Өзгөн шаарындагы борбордук стадион жана Орто–Коргон эс алуу паркы реконструкцияланат

Өзгөн шаарындагы борбордук стадион жана Орто–Коргон эс алуу паркы реконструкцияланат. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эс алуу аймагында фонтан, флагшток, балдар аянтчасы жана жайкы театр курулат.

 

Өзгөн байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келери эске алынып, туризмди өнүктүрүү максатында 2 миллион доллар грант эл аралык донор тарабынан бөлүнгөн.