Баткен районунда 14 чакырымды түзгөн канал пайда болот.
Аймактын администрациясынан билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 46 миллион сом.
Учурда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери кийинки жылы аяктайт.
Жыйынтыгында 1 миң гектардан ашык жер сугат суу менен камсыздалат.