Бийлик “Майлуу-Суу электр лампа заводуна” инвестор издейт

Бийлик “Майлуу-Суу электр лампа заводуна” инвестор издейт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапарында айтылды.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өкмөт токтоп турган заводдорду ишке киргизүүгө көмөктөшүү жана ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча милдеттерди койду.

Заводдогу айнек чыгаруучу мешти реконструкциялоо жана иш процесстерин модернизациялоо үчүн ишканага инвестиция тартуу зарыл.

Бул өндүрүштүн жыл бою иштешин камсыз кылат жана жумушчу орундардын санын 2 миңге чейин көбөйтөт, деп айтылат маалыматта.

Ишканда бүгүнкү күндө 1 миң 250дөй адам иштейт.