Жети-Өгүз районуна жаңы аким дайындалды

Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Мураталы Тагаев буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри, шаардык кеңешинде депутат, төрага болуп иштеген.
Жети-Өгүз районун буга чейин Руслан Мейматкулов башкарып келген.