Кыргызстанда быйыл жолдорду оңдоого 16,5 миллиард сомдон ашык бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл жолдорду оңдоого 16,5 миллиард сомдон ашык бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 600 чакырымдан ашык жол катмары жаңыртылат.

 

Бийликтен белгилешкендей, ошондой эле тиешелүү инфраструктураны түзүүгө каражат каралган. Кеп май куюучу станциялардын, медициналык түйүндөрдүн жана коомдук тамактануу жайлардын курулушу тууралуу болуп жатат.