Өлкөдө бир жумада 21 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өлкөдө бир жумада 21 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, инспекторлор жол кырсыктарынын жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Анын жыйынтыгында, унааны ылдамдыгынан ашыра айдагандар, тиешелүү документтерсиз руль башкаргандар, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар, жол эрежелерин бузган жөө адамдар жана ичип алып унаа башкаргандар басымдуу экени аныкталды.