Күрөш боюнча лицензиялык турнири Бишкекте өткөрүлбөй калды

Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири

Бишкекте өткөрүлбөй калды. Бул тууралуу Дене тарбия жана

спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда,

мындай чечим ведомствонун ыкчам жыйынында коронавирус дүйнөгө жайылып,

абалдын курчуп кеткенине байланыштуу кабыл алынды. Аталган мелдеш

27-марттан 29уна чейин өтмөк болчу. Ошондой эле ордо калаада өтө турган

Хоккей боюнча төртүнчү дивизондогу дүйнө чемпионаты

дагы белгисиз мөөнөткө жылдырылды.