Кайра шайлоодо добуш бергендердин тизмеси 5-мартка чейин жарыяланат. Бул тууралуу БШК маалымдайт. Комиссиядан эске салышкандай, шайлоого катыша турган жарандардын акыркы тизмеси 20-февралга чейин түзүлүп, 22-февралга чейин алар шайлоо тилкелеринде илинет.
Эске салсак, Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра добуш берүү 27-февралда өтөт. Учурга карата 23 өзүн-өзү көрсөткөн жаран талапкерлигин жылдырды.