Улуттук энергохолдингге жаңы жетекчи дайындалды

Нурлан Садыков Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.