Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернатындагы окуучулардын уулануу себеби иликтенет.
Мындай тапшырманы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тиешелүү мамлекеттик органдарга берди.
Эске салсак, кечээ Байтик айылынын мектеп-интернатынын 8 жаштан 20 жашка чейинки 23 тарбиялануучусу
ооруканага уулануу менен жеткирилди. Аларга тийешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.
Учурда балдардын абалы канааттандыраарлык.