Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 33 пайызы катышты.
Маалымат автоматтык эсептөө урналары боюнча түнкү саат 12ге карата.
Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Жалпы
добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллион 703 миң 420 болсо, шайлоого
1 миллион 234 миң 456 адам келип өз тандоосун жасады.