Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги орнотулууда

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги орнотулууда.

Айкел колодон жасалды, узундугу 9 метрди түзөт.  Ал Россияда жасалып, Кыргызстанга өткөрүлүп

берилди. Эске салсак, Панфиловдун биринчи эстелиги 80 жыл мурда тургузулган. Ал калыбына

келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду. Объект

республикалык маанидеги искусство эстелиги катары бекитилген. Жаңы айкелдин

салтанаттуу ачылышы декабрда өтөт.