Бишкек мэри Азиз Суракматов отставкага кетти

Бишкек мэри Азиз Суракматов отставкага кетти. Бул маалыматты муниципалитет аппаратынан  тастыкташты. Анын ортосунда, шаар жетекчиси өзү бул кадамы тууралуу жарыялай элек. Ал бүгүн пресс-конференция маалында айтышы мүмкүн.

 

Бул Азиз Суракматовдун экинчи  ирет жумуштан кетүү аракети. Биринчиси 6-октябрда болгон, бирок эки күндөн кийин эле ал оюнан кайтып,  кайрадан ишине кайтып келген. Өз кадамын ал ММКларга жарыяланган арызына карабай, дистанциондук режим менен түшүндүргөн.