Тажикстандын кол салуусунда жабыркагандарга насыя төлөөдө жеңилдиктер берилет

Тажикстандын кол салуусунда жабыркагандарга насыя төлөөдө жеңилдиктер берилет. Кредиттерди дээрлик чийип салуу варианты дагы каралат. Бул тууралуу токтомду Улуттук банк кабыл алды.

 

Бериле турган жеңилдиктерге насыя төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу, кечиккендерге айып салууну жок кылуу жана комиссия албоо кирет.