Москвада кыргызстандыктарга өлкөгө келүүгө автобус уюштуруп беребиз деген ортомчулар аныкталды

Москвада кыргызстандыктарга өлкөгө келүүгө автобус уюштуруп беребиз деген ортомчулар аныкталды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар

ар бир жүргүнчүдөн 3 миң рублдан чогултушкан. Учурда мекендештерге туура эмес маалымат берип,

акча алып, автобус уюштурган ортомчулар аныкталды. Ведомстводон белгилешкендей, Казакстан

аркылуу Кыргызстанга келүү мүмкүн эмес. Казакстандын чек арасы жабык. Мындан улам

Россиядагы кыргызстандыктар туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенбөө сунушталат