ЖК: Мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканы боюнча маселе көтөрүлдү

Парламентте мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Социалдык саясат боюнча комитетте “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

 

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин гендердик теңдигинин сакталбай жатышы көп талкууланып келет.

 

Мыйзамда ар бир мамлекеттик мекемеде бир жыныстагы кызматкерлер жалпы жамааттын 70 пайызынан ашпашы керек деп жазылган.