Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 166 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министри Нурболот Үсөнбаевдин айтымында,
сакайгандар Бишкекте – 38, Ошто – 24, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда – 43,
Таласта — 4, Нарында — 5, Баткенде – 31. Ушуну менен коронавирус жана
пневмониядан айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 619га жетти.