Баткенде инфекциялык оорулар боюнча жчалуу борбору ачылды

Баткен облусунда коронавируска байланыштуу колл-борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп, облустун тургундарынын суроолоруна жооп берет. Колл-борборго чалган бейтаптын абалына карата операторлор алгоритмге ылайык клиникалык баа берип, бардык маалыматты мобилдүү бригадага берет.

 

118 кыска номуруна же (0226) 05 05 73; (0553) 90 36 90; (03622) 5-12-15, 5-07-05 номурларына чалып, коронавирус инфекциясы боюнча жаралган суроолорго жооп алууга болот.

Эске салсак, 11-майдан тартып Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарында колл-борборлор иштеп баштаган.