Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималива билдириди.
Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 27,3 пайызга көп, ал эми экспорт 46,7 пайызга, импорттук түшүүлөр 23,3 пайызга өстү.
«2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10,1 пайызга азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14,1 пайызга төмөндөдү», — деди ал.
Керималиева белгилегендей, 2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,6 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.