Жылдын I жарым жылдыгында бюджеттер аралык трансферттер катары Талас облусуна жалпысынан 144,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы минисрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— теңдөөчү трансферт (ВГ) – 112,4 млн сом;
— максаттуу трансферттер (ЦТ) катары жалпы – 32,3 млн сом.
Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча жылдын биринчи жарымында облуска 93 млн сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:
— облустук өнүктүрүү фонду – 38 млн сом;
— райондук өнүктүрүү фонддору – 55 млн сом.
— республикалык бюджеттен өз алдынча жергиликтүү органдарга электр энергияга – 69,6 млн сом каржыланган.