Кыргызстанда бензиндин баасы төмөндөдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, июль айында бензиндин баасы 50 тыйындын айланасында төмөндөп, дизелдик күйүүчү майдын баасы бир сомго кымбаттады.

 

Маалыматка ылайык, июнь айынын орто ченинде А-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 66 сом 16 тыйын болсо, июль айында 65 сом 82 тыйын болду. А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир ай мурда 62 сом 50 тыйын болсо, июлда 61 сом 80 тыйынга түштү. Бул Бишкек шаарындагы баалар. Баткен облусунда А-95 үлгүсүндөгү бензин 70 сомдон, А-92 үлгүсүндөгү бензин 66 сомдон ашуун турат.

Бул аралыкта дизелдик күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен бир сомго кымбаттады. Июнь айында 1 литр дизелдик майдын орточо баасы 64 сом 60 тыйын турса, июлда 65 сом 80 тыйынга чыкты. Баткен облусунун айрым райондорунда 1 литр дизелдик күйүүчү май 70 сомдон сатылууда.

Күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда акыркы жарым жылда эки эсе кымбаттады. 2021-жылы, январда А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 35 сом болчу.

Статком күйүүчү майдын кымбатташына Украинадагы согуш, ага байланыштуу доллар курсунун туруксуздугу себеп деп маалымдоодо.