Кыргызстанда быйыл жыл аягына чейин 4 калкты тейлөө борбору ачылат.
Бул тууралуу «Инфоком» ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, борборлор Кант, Кемин шаарларында, Оштун Араван жана
Кара-Суу районунда пайда болт. Жетекчи белгилегендей, акыркы үч айдын ичинде
5 калкты тейлөө борбору ачылды. Ошондой эле калкты тейлөө борборлорунун
иш тартиби узартылып, алар саат 8ден кечки 7ге чейин ачык болот.