Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районунда ири чатыр-тапчандар пайда болду

Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районунда ири чатыр-тапчандар пайда болду. Мэриянын маалыматына ылайык, мындай 3 чатыр Чүй проспектинде орнотулду. Алар темирден жасалып, тургундарга көлөкө берип турат.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин кичи Арбатта Бишкек асфальт сервистин кызматкерлери чоң LED-экран, Эфель мунарасынын, Биг Бен саатынын макеттерин орнотушкан. Бул эс алуу аймагын көрктөндүрүүгө каражатты демөөрчүлөр бөлүп берген.